Кызыктуу жана жөнөкөй суроолорго жооп берип, Google кызматтарын сиз жашаган жердеги колдонуучулар үчүн өркүндөткөнгө жардам бериңиз! Жаңы деңгээлдерге өтүп, төшбелгилерди алып, жетишкендиктериңизди башкалар менен бөлүшүңүз! Ыктыярдуу салымдарыңыз сиздин өлкөдө Google кызматтарын жакшыртууга жардам берет. Google Жардамчыны сөздүн маанисин жакшыраак түшүнө тургандай кылып тууралап, Google Translate'ти тилиңиз үчүн жакшыртып, Google Фото'го объекттерди аныктоого жардам бериңиз. Жооптор такай жаңырып тургандыктан, тапшырмаларды аткарып, өз салымыңызды кошуп туруңуз.
Google'дун ыктыярчылар коомдоштугуна кошулуу үчүн төмөнкү тапшырмаларды аткарып көрүңүз:
Сүрөттү маданий өңүттөн текшерүү: Жөнөкөй суроолорго ооба же жок деп жооп берип, сүрөттөрдө маданий контекст так чагылдырылганын ырастаңыз.
Суроону түшүнүү: Берилген суроолорду канчалык деңгээлде жакшы түшүнгөнүңүздү билдиресиз.
Сүрөттөрдү салыштыруу: Көбүрөөк жаккан сүрөттү тандайсыз.
Кол жазманы текшерүү: Кол менен жазылган тексттин экрандагы текстке канчалык дал келгенин айтасыз.
Кол жазманы окуу: Кол менен жазылган тексттин канчалык даана окулганын айтасыз.
Кол жазмаларды салыштыруу: Кол менен эки башкача жазып көрүп, жакшыраагын тандайсыз.
Чекитти текшерүү: Чекиттин кайсы бир нерсенин дал ортосунда жайгашканын айтасыз.
Тамактарды салыштыруу: Сүрөттөгү эки тамакты мүнөздөмөлөрү боюнча салыштырасыз.
Айткандарыңызды жаздыруу: Үнүңүздү жаздырып, кеп таануу технологиясын жакшыртасыз.
Тамак-аш тууралуу фактылар: Тамак-ашка мүнөздөмө бересиз.
Тамак-ашты белгилөө: Сүрөттө кайсы тамак көрсөтүлгөнүн айтасыз.
Мааниси жактан окшоштук: Эки сөз айкашынын ортосундагы окшоштукту аныктайсыз.
Диаграммалардын түшүнүктүүлүгү: Диаграммалардын түшүнүктүүлүгүн жана тууралыгын текшересиз.
Үзбөй терүү: Экрандагы текстти манжаңызды баскычтардан көтөрбөй тересиз.
Сөздөрдүн туура айтылганын текшерүү: Кыргыз тилиндеги кыска аудио клиптерди угуп, алардын туура айтылганын текшересиз.
Сүрөттөрдү сүрөттөп берүү: Сүрөттө эмне тартылганын үнүңүздү чыгарып айтып, кеп таануу технологиясын жакшыртканга жардам бересиз.
Сүрөттөрдөгү тегдердин тууралыгын ырастоо: Сүрөттөрдүн туура тегделгенин айтасыз.
Сүрөткө тартуу: Айлана-чөйрөңүздү сүрөткө тартып, башкалар менен бөлүшөсүз.
Котормо: Ар кайсы сөз айкаштары менен сөздөрдү ар кандай тилдерге которосуз.
Котормонун тууралыгын ырастоо: Туура которулган сөз айкашын тандайсыз.
Кол жазманы таануу: Экрандагы кол жазманы окуп, тересиз.
Сезимдерди баалоо: Кыргыз тилиндеги сүйлөм жакшы, жаман же бейтарап сезимдерди ойготконун айтасыз.
Акылдуу камера (Android Lollipop 5.0 же андан жаңыраак версия талап кылынат): Камераны бир нерсеге каратып, анын эмне экенин аныктай аларын текшересиз.
Суроолорго жооп берип, Google кызматтарын жакшыртканга жардам бересиз. Жардамыңыз үчүн сыйлыктарды алып, башка ыктыярчылар менен жолугушасыз, активдүү колдонуучулар жана Google'да иштегендер менен онлайн режиминде Hangouts аркылуу сүйлөшөсүз, коомдук тармактардагы Crowdsource'тун баракчаларында атыңыз чыгат. Аялдамада турсаңыз да, кезек күтүп турсаңыз да, бир аз убакытыңызды бөлүп, Google'ду жергиликтүү колдонуучулар үчүн жакшыртканга жардам бериңиз.
Качан жаңырды
2025-ж., 19-май