Google Authenticator тутумга кирүүдө текшерүүнүн экинчи этабын кошуп, Интернеттеги аккаунттарыңыздын коопсуздугун кошумча коргойт. Мында сырсөзүңүздөн тышкары, телефонуңуздагы Google Authenticator колдонмосу түзгөн кодду да киргизүү керек болот. Тармак жок болуп же дайындар мобилдик тармак аркылуу өткөрүлбөй жатса да, телефонуңуздагы Google Authenticator колдонмосу текшерүү кодун түзө алат.
* Authenticator коддоруңузду Google аккаунтуңуз жана түзмөктөрүңүз менен шайкештириңиз. Мында сиз телефонуңузду жоготуп алганда да аларды каалаган убакта көрө аласыз.
* Authenticator аккаунттарыңызды QR коду менен автоматтык түрдө тууралаңыз. Бул тез жана оңой, ошондой эле коддорду туура орнотууга жардам берет.
* Бир нече аккаунт колдоого алынат. Authenticator колдонмосу менен бир нече аккаунтту башкара аласыз. Андыктан аккаунтуңузга кирүү керек болгон сайын колдонмолордун арасында которулуп отурбайсыз.
* Убакыт же эсептегич боюнча код түзүү. Өзүңүзгө эң ылайыктуу код түзүү түрүн тандай аласыз.
* Аккаунттарды түзмөктөн түзмөккө QR коду аркылуу өткөрүү. Бул аккаунттарыңызды жаңы түзмөккө өткөрүүнүн ыңгайлуу жолу.
* Google Authenticator колдонмосун Google кызматында иштетүү үчүн Google аккаунтуңузда эки этаптуу аутентификацияны күйгүзүшүңүз керек. Баштоо үчүн http://www.google.com/2step бөлүмүнө өтүңүз Уруксат жөнүндө эскертүү: Камера: QR коддору аркылуу аккаунттарды кошууу үчүн керек
Качан жаңырды
2025-ж., 29-янв.